Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Бишкекте мамлекеттик туунун 25 жылдыгы белгиленди


Мэр Албек Ибраимов жана шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев
Мэр Албек Ибраимов жана шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев

Бишкек мэриясы бүгүн Кыргызстандын туусунун 25 жылдыгын белгиледи. Шаар башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мэриянын алдында өткөн иш-чарага шаар башчы Албек Ибраимов, шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев, вице-мэрлер, аппарат кызматкерлери катышты.

Куттуктоо сөзүндө Албек Ибраимов герб жана гимн сыяктуу туу да мамлекеттүүлүктүн негизги символдорунун бири экенин белгилеп, шаар тургундарына жана жалпы мамлекетке тынчтык, ийгилик каалады.

Соңунда мэриянын алдындагы туу гимндин коштоосунда жаңыртылды. (RK)

XS
SM
MD
LG