Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Саламаттыкты сактоо министрлигинин иши КСДПны канааттандырбады


Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев.

Саламаттыкты сактоо системасынын абалы, аны реформалоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндө угулган маалыматтын негизинде бүгүн ушундай чечим кабыл алынганын парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жыйын жүрүшүндө тармактын азыркы абалы, анда жүрүзүлүп жаткан реформа, министрлик менен медициналык мекемелердин иши боюнча министр Талантбек Батыралиевдин жеке өзүнүн дарегине көптөгөн сын пикирлер айтылып, бир катар сунуштар берилди.

Жыйын соӊунда депутат Марат Аманкулов министр Талантбек Батыралиевге ишеним көрсөтпөө маселесин койду.

Ал эми фракция башчысы Иса Өмүркулов министрликтин ишин жетишсиз деп табуу жөнүндө сунушун берди. Добуш берүү жыйынтыгында бул сунуш колдоого ээ болду. (RK)

XS
SM
MD
LG