Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

АКШнын аба соккусунан “Ал-Каида” экинчи адамы мерт болгонун ырастады


"Ал-Каиданын" Йемендеги согушкерлери. 2014-жылы тартылган видеодон алынган сүрөт.
"Ал-Каиданын" Йемендеги согушкерлери. 2014-жылы тартылган видеодон алынган сүрөт.

Бул террордук топтун Магреб жана Араб жарым аралы боюнча бөлүмү билдиргендей, алардын эки лидери АКШ баштаган коалициянын аба соккусунан Сирияда мерт болушту.

Жок кылынгандардын бири 59 жаштагы египеттик Абу ал-Кайыр ал–Масри “Ал-Каидада” топтун жолбашчысы Айман ал-Завахриден кийинки экинчи адам катары саналчу. Ал ошондой эле “Ал-Каиданын” негиздөөчүсү Осама бин Ладендин күйөө баласы жана топтун Шура кеңешинин мүчөсү болчу.

2001-жылдын 11-сентябрынан кийин Иранга качкан Масри дээрлик 19 жылдан бери Кошмо Штаттардын издөөсүндө жүргөн.

АКШнын расмий өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, Масри 26-февраль күнү Сириянын Идлиб шаарында унаа айдап бараткан учурунда америкалык дрондон атылган ракета аркылуу жок кылынган. (UE)

XS
SM
MD
LG