Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:04

4-марттын аба ырайы


Кыргызстанда 4-мартта түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт, күндүз кар Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана тоолордо жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5;

Таласта түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...5;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5;

Нарында түнкүсүн -17...-22, күндүз -4...-9;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25...-30, күндүз -3...-8.

Бишкек шаарында жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8, күндүз 1...3 градус.

XS
SM
MD
LG