Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:03

Өзбекстанда активисттин абак мөөнөтү дагы беш жылга узартылды

Азам Фармонов.
Азам Фармонов.

Адам укугун коргоочу активист Азам Фармоновдун жана анын адвокаттарынын акыркы апелляциялык арызын Өзбекстандын Каракалпакстан автоном республикасынын Жогорку соту четке какты. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айыпкердин адвокаты Абдурахман Ташанов кабарлады.

39 жаштагы Фармонов алгач 2006-жылы тогуз жарым жылга кесилген болчу. Өзбекстандын Адам укуктары боюнча коомунун Сырдарыя облусундагы бөлүмүн жетектеген Фармоновдун анда абакка салынышы жактоочулары тарабынан укук коргоочуну ишмердиги үчүн жазалоо, саясий куугунтук катары бааланган.

2016-жылы укук коргоочу абактан чыгарына саналуу апта калганда анын жаза мөөнөтү дагы беш жылга узартылган. Бийликтер мунун Фармоновдун абактагы “жаман жүрүм-туруму үчүн” деп негиздешкен.

Өзбекстанда өкмөткө сын айткандардын абактагы жаза мөөнөтүн узартып коюу кеңири колдонулган практика. (UE)

XS
SM
MD
LG