Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Текебаев: "Боинг" жүгү тууралуу документтер ишенимдүү колдо


Дача СУ айылына кулаган учактагы жүк боюнча документтердин түп нускасы ишенимдүү колдо сакталып турат. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ушундай билдирүү жасаганын бүгүн "Азаттыкка" адвокат Искен Афиджанов айтты.

Билдирүүдө ошондой эле "эгер учурда бийликтин колунда кармалып турган Өмүрбек Текебаевдин өмүрү менен ден соолугуна, анын юристтерине карата коркунуч жаралса бул документтердин түп нускасы жергиликтүү жана чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарына жарыяланары" айтылган.

Быйыл 16-январда Дача СУга учак кулап, 39 өмүр кыйылган. Ичиндеги жүк кимге таандык экени азырынча белгисиз.

25-февралда Башкы прокуратура орус жаранынын көрсөтмөсүнүн негизинде Өмүрбек Текебаевге пара алган деп кылмыш иш козгоп, ал УКМКга эки камалган.

1-мартта саясатчынын юристтери маалымат жыйын куруп, кыйраган учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевге жана анын жубайына таандык деген маалымат Түркиядан алынганын кабарлашкан.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов Текебаевдин юристтеринин бул айткандары "карандай калп" экенин билдирген.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч "ал документтер жасалма" экенин айтып, "Түркия башка мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын да ички саясатына кийлигишпейт" деген. (RK)

XS
SM
MD
LG