Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:06

Грузияда “Рустави-2” каналын коргогон демонстрациялар уланууда


Тбилисидеги демонстрация. 2-март, 2017-жыл.
Тбилисидеги демонстрация. 2-март, 2017-жыл.

Жүздөгөн демонстранттар борбор Тбилисиде соттун көз карандысыз жана популярдуу телеканалды өкмөт менен байланышы бар адамга алып берген чечимине эки күндөн бери нааразылык билдирип жатат.

Грузиянын Жогорку Соту кечээ “Рустави-2” 60% үлүшү мурдагы ээлеринин бири Кибар Халвашиге кайтарылып берилиши керек деп чечкен.

Грузиянын азыркы бийлигине сынчыл маанайдагы телеканалдын менчик ээсинин кайра алмашып жатышы өкмөттүн оппоненттеринин кыжырдануусун, ал эми Батышта Европага ыктаган постсоветтик республикадагы басма сөз эркиндиги боюнча тынчсызданууларды жаратты. Демонстранттар сот чечими бийликтер сынчыл добушту басуусуна жардам берет деп эсептешүүдө.

Оппозициядагылар ошондой эле мындай чечимдин артында бийликтеги “Грузин кыялы” коалициясынын негиздөөчүсү, миллиардер Бидзина Иванишвили турат деп санашат. Ал эми телеканалды кайтарып алып жаткан Кибар Халваши кезинде, мурдагы президент Михаил Саакашвилинин тушундагы бийликтер аны “Рустави -2ни” абдан арзан сатууга мажбурлаганын жүйө катары келтирүүдө.

ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович сот чечимин Грузиядагы “медиа плюрализмге” сокку урган кадам катары баалады. (UE)

XS
SM
MD
LG