Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

Женевада Сирия боюнча сүйлөшүү аяктады


Сирия
Сирия

Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр 10 айдан бери жүрүп жаткан. Анын соңунда Сирия оппозициясынын делегациясынын жетекчиси Наср ал-Харири биринчи жолу абалды саясий жол менен жөнгө салуу маселеси "терең" талкууланганын билдирди.

Ал оппозиция негизинен БУУнун атайын өкүлү Стаффан де Мистура түзгөн кырдаалды жөнгө салуу ыкмалары менен макул экенин белгиледи. Мистуранын сунушунда Сирия бирдиктүү, светтик жана демократиялык мамлекет болушу керектиги камтылган.

Мистуранын өзү сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү өттү деп баалап, Орусия, Иран жана Түркия өкүлдөрү активдүү болгонун маалымдады. Анын айтымында, эми тараптар алты ай аралыгында өлкөдө жаңы Конституцияны түзүү жана шайлоо өткөрүү багытындагы иш тартибин макулдашууга тийиш. Ал эми туруктуу тынчтык орнотуу, "Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдарга каршы күрөш алдыдагы Астана сүйлөшүүсүндө талкууланары белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG