Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Жаза аткаруу мекемесинин төрт кызматкери соттолду


Кыйноого айыпталган Жаза аткаруу мекемесинин төрт кызматкери ар бири жети жылдан күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылды.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, тиешелүү өкүмдү 2-мартта Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган. Айыпталуучулар сот залынан камакка алынды, азыр алар №1 тергөө абагында.

Алардын үстүнөн үч жыл мурун тергөө абагында отургандар кыйноо боюнча арызданган. Соттук териштирүү маалында кызматкерлер эркиндикте жүрүшкөн жана өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып келишкен. Эми соттолуучулар апелляциялык арыз менен жогорку инстанцияга кайрылабы же жокпу азырынча айтыла элек. (NT)

XS
SM
MD
LG