Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Мурдагы министр Эмил Үмөталиев УКМКга чакырылды


Бул тууралуу УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, 2010-жылы Убактылуу өкмөттө Экономикалык тескөө министринин милдетин аткарган, Kyrgyz Concept компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу күбө катары суракка чакырылды.

Бул багытта Эмил Үмөталиевдин өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду. УКМКдан келген чакыруу боюнча ал бүгүн саат 10.00дө атайын кызматка барышы керек болчу.

Буга чейин Текебаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Укук коргоо органдары Өмүрбек Текебаевди орус жараны Леонид Маевскийден пара алган деп айыптоодо. УКМКнын тергөө абагына 25-апрелге чейин камалган саясатчы бул айыпты четке кагууда.(NT)

XS
SM
MD
LG