Эл аралык Кызыл чырым уюму өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ Ирактын Мосул шаарында химиялык курал колдонгонун жарыялады. Уюмдун маалыматына караганда, шаардын батыш райондорунда аталган экстремисттик топ иприт газын пайдаланган.
Соңку эки күн ичинде Мосулдун жака белинен мындай газдан жабыр тарткан жети адам ооруканага түшкөн. Бул - Мосулда өкмөттүк көзөмөл орнотуу операциясы башталгандан бери тыюу салынган химиялык курал колдонулганы алгач ирет ачыкка чыккан учур.
Мосулду "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу 2014-жылы басып алган. Аны бошотуу операциясы былтыр октябрда башталып, Ирак армиясы шаардын чыгыш райондорунан жана аэропорттон согушкерлерди сүрүп чыгарууга жетишкен. Азыр калаанын батыш бөлүгү үчүн күрөш жүрүүдө.