Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:37

Депутаттар интернет колдонуучуларды көзөмөлдөөнү сунуштоодо


Парламентте интернет колдонуучулардын укуктары менен милдеттери камтылган мыйзам долбоору 3-мартта коомдук талкууга коюлду. Документке ылайык, бир күн аралыгында баракчасына миңден ашык адам кирген интернет колдонуучулардын баары "блогер" деп аталат.

Алар маалыматтарды эркин алуу жана жарыялоого укуктуу, ошол эле кезде өз аты-жөнүн, инициалын электрондук дарегин жазууга милдеттүү.

Мындан тышкары алар атайын мамлекеттик тизмеге киргизилип, зарыл деген маалыматтарды бериши керек болот.

Мындай өзгөрүүлөр "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу" жөнүндөгү мыйзамга жана Административдик кодекске сунушталууда. Мыйзам долбоору парламент сайтына жайгаштырылды. Аны өзгөртүү демилгеси депутаттар Акылбек Жамангулов, Алтынай Өмүрбекова жана Дастан Бекешевге таандык. (NT)

XS
SM
MD
LG