Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

КТРКнын Байкоочу кеңеши Текебаевдин тарапкерлерин сындады


Текебаевдин тарапкерлери өткөргөн митинг. 27-февраль, 2017-жыл
Текебаевдин тарапкерлери өткөргөн митинг. 27-февраль, 2017-жыл

КТРКнын Байкоочу кеңеши тараткан билдирүүдө 1-мартта мекеменин башкы директору Илим Карыпбеков оор абалда ооруканада жатканына карабай, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлеринин нааразылык митингге келгени "табалоо" катары бааланган.

"Өлүм алдында жаткан адамды табалоону Байкоочу кеңеш туура көргөн жок", - деп айтылат анда.

Ошондой эле Илим Карыпбековдун тез сакайып кетишин каалап, анын ордуна башка адамды убактылуу дайындоо маселеси күн тартибинде жоктугун жарыялады.

1-мартта "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери менен айыпталып, УКМКга эки айга камалган депутат Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары КТРК жана башка мамлекеттик телеканалдар бул окуяны калыс чагылдырбай жатат деп нааразы болуп, телеканалдын алдында митинг өткөрүшкөн. Алардын акциясы коомдук каналдын башкы директору Илим Карыпбековдун жол кырсыгынан оор жараат алып, ооруканада жаткан мезгилине туш келген болчу. Анын абалы жакшы, азыр эсине келип, басып калганын Травматология жана ортопедия борборунан билдиришти. (NT)

XS
SM
MD
LG