Жалал-Абадда бычак жеген окуучулардын бири эсине келе элек. Бул тууралуу шаардык ооруканадан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Азыр ал бейтапкананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Дарыгерлердин айтымында, бычак анын далысына сайылып, өпкөсүн тешип кеткен. Ушул эле мектептин экинчи окуучусу колуна бычак жеп, медициналык жардам алгандан кийин үйүнө жиберилген. Ал эми аларга бычак сайган окуучу милицияда сурак берүүдө.
2-мартта №19-мектептин 9-классында окуган бала Спутник кичи районундагы №9 Раатбек Санатбаев атындагы мектептин эки окуучусун бычактап салган. Окуяга эки мектептин окуучуларынын арасындагы пикир келишпестик түрткү бергени айтылган. (RsK)