Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Трамп Обаманы телефон тыңшады деп айыптады


АКШ президенти Дональд Трамп экс-президент Барак Обаманы былтыр ноябрдагы шайлоого чейин өзүнүн телефонун тыңшаган деп айыптоодо. Твиттердеги баракчасында Трамп "тыңшоону" сынга алган бир нече билдирүү жазып, аны Уотергейт чатагы менен салыштырган.

Обама азырынча Трамптын айткандарына комментарий бере элек.

3-мартта Der Spiegel немис журналы атайын кызмат Обаманын көрсөтмөсү менен шайлоо алдындагы кампания учурунда Трампты аңдып, телефондорун тыңшаганын жазып чыккан.

Мындан тышкары маалымат каражаттары АКШнын башкы прокурору Жефф Сешнс өткөн жылы шайлоону утурлай орус элчиси менен эки ирет жолугушканын кабарлашкан. Орусия менен байланыш үчүн пресса Трамптын күйөө баласы, анын кеңешчиси Жаред Кушнерди да айыптаган эле. Февралда президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майкл Флинн орус элчиси менен телефондон сүйлөшкөн учурда Орусияга каршы санкцияларды талкуулаганы ачыкка чыккандан кийин отставкага кеткен.

1974-жылы Вашингтондогу "Уотергейт" отелиндеги Демократиялык партиянын штаб-үйүндө республикачылардын микрофондорду орноткону ошол кездеги президент Ричард Никсондун отставкасына алып келген. Бул президент эсен-соо туруп мөөнөтүнөн мурда милдетин аткарууну токтоткон биринчи учур катары АКШ тарыхында калган.

XS
SM
MD
LG