Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 17:00

АКШ президенти Дональд Трамп өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган экстремисттик топко каршы күрөшүүдө Орусия менен келишимди даярдоону кийинкиге калтырышы ыктымал. Бул тууралуу Associated Press агенттиги кабарлады.

Агенттиктин өз булактарына таянып билдиришинче, президенттин мындай кадамы өзүнүн администрациясынын Орусиянын расмий өкүлдөрү менен байланышына коомчулуктун катуу көңүл буруп жатканы менен байланыштуу.

Январда Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер Дональд Трамптын экстремисттерге каршы күрөштө "Орусия менен макулдашуу түзүү" тууралуу планын жарыялаган. Вашингтон менен бул жаатта кызматташууга даяр экенин буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги да билдирген.

XS
SM
MD
LG