Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

ТИМ Азербайжанга жооп кайтарды


Тышкы иштер министрлиги.
Тышкы иштер министрлиги.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Экономикалык кызматташтык боюнча Исламабад декларациясынын саясий пункттарына байланыштуу Азербайжандын позициясына жооп берди. Анда азери Тышкы иштер министрлигинин бул багыттагы чечимин өкүнүү менен кабыл алганы айтылат.

Ошондой эле аталган аймактык бирикме баарынан мурда экономикалык маселелерди чечүүгө багытталганын, мындан улам жыйынга катышкан делегациялардын көбү уюмду да, Исламабад декларациясын да саясатташтырбоо керек деген ойлорду айтканын эске салган.

- Кыргызстан декларациясынын кабыл алынышына тоскоол болгон жок. Андагы саясий пункттарды колдоодон карманды, - деп белгиленген Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Кыргыз тарап аймактык жаңжалдарды эл аралык укуктардын принциптерин жана ар бир өлкөнүн эгемендигин, көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн сактоо менен чечүүнү колдоп келе жатканын билдирген. Мындан тышкары Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө башка мамлекеттер сыяктуу эле Азербайжан менен өз ара алаканы бекемдөөгө, кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

3-мартта азери маалымат каражаттары Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хикмет Гажиевдин Кыргызстанга карата нааразылыгын жарыялаган. Анда ал декларациянын саясий пункттарына кошулбоо тууралуу Кыргызстандын позициясы түшүнүксүз экенин айткан. Документте уюмга мүчө мамлекеттердеги чечиле элек жаңжалдар, экономикалык өнүгүүгө жолтоо болору жазылган. Кыргызстан ага добуш берүүдөн карманган.

Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-саммити 1-мартта Пакистандын борбору Исламабадда өтүп, Кыргызстандан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация катышкан.

Экономикалык кызматташтык уюму 1985-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Ооганстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Иран, Пакистан жана Түркия мүчө. (NT)

XS
SM
MD
LG