Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги саммитине байланыштуу Бишкекте 6-7-мартта жол кыймылдарына убактылуу чектөө киргизилет.
Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, негизги чектөөлөр Фучик, Жибек жолу, Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов, Абдрахманов жана Фрунзе көчөлөрүндө болот.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин саммити 7-мартта Бишкекте өтөт. Ага катышуу үчүн чет өлкөлүк расмий өкүлдөр 6-марттан тарта келе баштайт.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешине ЕАЭБге мүчө Кыргызстан Орусия, Беларус, Казакстан жана Армениянын премьер-министрлери кирет. (NT)