Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Нигерияда кармалган орусиялык моряктар бошотулду


Нигерия.
Нигерия.

Февралдын башында Нигериянын жээктеринде пираттар туткунга алган орусиялык моряктар куткарылды. Азыр алар Франкфурт аэропортунда экенин жана жакында мекенине кайтаарын ТАСС агенттиги кабарлады.

5-февралда нигериялык пираттар Германиянын Briese Schiffahrts компаниясына таандык кемени жана анын бортундагы жети орусиялык, бир украиналык морякты барымтага алган. Аларды куткаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү кемеге ээлик кылган компания жүргүзүп, акча төлөп бошоткон. Бирок каражаттын суммасы жарыяланган жок.

Былтыр пираттар орусиялык моряктарды бир нече ирет туткундаган.

XS
SM
MD
LG