Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Бишкекте Ак калпак күнү белгиленүүдө


Кыргызстандын башка аймактарында да Ак калпак күнүнө карата иш-чаралар 3-марттан тартып өткөрүлө баштаган. Талас шаары.
Кыргызстандын башка аймактарында да Ак калпак күнүнө карата иш-чаралар 3-марттан тартып өткөрүлө баштаган. Талас шаары.

Бүгүн, 5-мартта Бишкекте Ак калпак күнү белгиленип жатат. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, калпак күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар бардык райондордо өттү.

Ал эми майрамды утурлай мектептерде калпактын мааниси тууралуу класстык сааттар өткөрүлдү. Балдар, ата-энелер, мугалимдер даярдаган калпактар көргөзмөсү, сүрөт сынактары, концерттер уюштурулду.

Бишкектин Дене тарбия жана спорт башкармалыгы улуттук спорт түрлөрү жана футбол боюнча мелдештерди өткөрдү. Турнир башталардын алдында баш кийим жөнүндө маалымат берген жыйындар болду. Спорттук мелдештер бүгүн Арча-Бешик жаңы конушундагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда да өтүүдө.

Кыргызстандын башка аймактарында да Ак калпак күнүнө карата иш-чаралар 3-марттан тартып өткөрүлө баштаган. Бул күндү чет мамлекеттерде жашаган кыргыздар да белгилеп, сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялап жатышат.

Жыл сайын 5-мартта кыргыз жаштары ак калпакты даңазалап, түрдүү иш-чараларды өткөрүшөт. Аны утурлай коомдук унааларда, ишкана, окуу жайларда калпак кийгендер көбөйөт.

5-мартты Ак калпак күнү катары белгилөө демилгесин 2011-жылы кинорежиссер Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG