Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:51

Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын жана парламенттеги фракциянын убактылуу лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Бийлик Өмүрбек Чиркешовичти эртерээк соттоп, президенттик шайлоого каттатпай коюуга аракеттенип жатат.

"Ата Мекен" партиясы бүгүн, 5-мартта Бишкекте өткөн чукул курултайында Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин президенттикке көрсөттү. Алмамбет Шыкмаматов кошумчалагандай, курултайга Кыргызстандын бардык аймактарынан өкүлдөр келишкен. Анда "коррупция" жана "алдамчылык" беренеси менен айыпталып, эки айга камалган депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду токтоосуз бошотуу боюнча кайрылуу кабыл алынды. Ошондой эле катышуучулар бир добуштан алдыдагы президенттик шайлоого Текебаевдин талапкерлигин көрсөтүүнү колдошкон.

Бирок бийлик Текебаевдин кармалышында эч кандай саясат жок экенин айтып келет. Бийликтеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина топтолгон фактылар анын күнөөсүн далилдейт десе, фракция башчысы Иса Өмүркулов парламентте кесиптештерин бул ишти саясатташтырбоого чакырган.

1-мартта Жогорку Кеңеш "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча УКМКнын жана Башкы прокуратуранын маалыматын угуп, бул иш боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу сунушту колдогон эмес.

Өмүрбек Текебаев 27-февралда Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга эки айга камалган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген.

Депутат жана анын адвокаттары муну "атайын уюшулган иш" катары сыпаттап келишет. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG