Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

БУУ: быйыл Донбасста кеминде 20 карапайым тургун мерт болду


Орусиянын агрессиясына каршы украиналыктардын акциясы.
Орусиянын агрессиясына каршы украиналыктардын акциясы.

Донбасста куралдуу чатактардан быйылкы жылдын башынан бери кеминде 20 жөн-жай адам каза таап, 91и ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгынын докладында баяндалган. Документте артиллерия, танк жана жапырт ок атуучу куралдарды колдонуу карапайым жарандар арасында курмандыктарга алып келүүдө деп айтылат.

Маалыматка караганда, жалпысынан 2014-жылы Донбасста конфликт башталгандан бери эки миңге жакын адамдын өмүрү кыйылып, кеминде алты миң киши жараат алган. Украина президенти Петро Порошенко былтыр жыл этегинде өлкө чыгышындагы үч жылдык согушта эки жарым миңдей аскеринен ажыраганын билдирген.

Расмий Киевдин билдиришинче, акыркы күндөрдө жикчилдер украин армиясынын позицияларын 100дөн ашык аткылаган. Бир жоокер набыт болуп, экөө жаракат алган. Өздөрүн "Донецк элдик республикасы" деп жарыялап алгандардын өкүлдөрү болсо Украина тараптан ок атууларды токтотуу режими сакталбай жатканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG