Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:16

Ирактын күчтөрү Мосулга чабуулун жандантты


Мосулдагы уруштардан улам качкан ирактыктар. 2-март, 2017-жыл.
Мосулдагы уруштардан улам качкан ирактыктар. 2-март, 2017-жыл.

Мосулду “Ислам мамлекети” тобунан бошотуу боюнча аскерий операцияда аба-ырайынын начардыгынан улам акыркы эки суткада тыныгуу болгон эле.

Эми кайра 5-марттан тарта Ирактын АКШ колдогон күчтөрү Мосулдун тарыхый борборун карай шаардын түштүк жана түштүк батышынан жыла баштады.

Бул тууралуу мамлекеттик теледен операциянын биргелешкен командачылыгынын өкүлү, генерал Яхия Расул жарыялады.

Иракта АКШ баштаган коалиция абадан колдоо көргөзгөн күчтөрү “Ислам мамлекети” тобунан Мосул шаарынын батыш бөлүгүн бошотуу боюнча операцияга 19-февралда киришкен.

Мындан бир ай алдыда, былтыр октябрдан берки аскерий аракеттердин натыйжасында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлери Мосулдун чыгышынан сүрүлгөн эле.

Ирактын күчтөрү Мосулдун түштүк-батыш ыптасында айрым ийгиликтерге жетишкени менен шаардын батышынын басымдуу бөлүгү али “Ислам мамлекети” тобунун көзөмөлүндө кала берүүдө.

"Ислам мамлекети" радикал тобу Мосулду толугу менен 2014-жылдын жайында басып алган. (UE)

XS
SM
MD
LG