Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:31

Кыргызстандык альпинист Оля Горожанина каза болду


Иллюстрация. Альпинисттердин буюмдары.
Иллюстрация. Альпинисттердин буюмдары.

Кыргызстандык альпинист Оля Горожанина Орусияда мелдеш учурунда каза тапты. Альпинизм федерациясынан билдиришкендей, кырсык 4-мартта Байкал боюндагы Старая Ангасолка айылына жакын жерде болгон.

Маркум "Байкал боюнча ачык чемпионатка" катышып жаткан кезде 25 метр бийиктиктен кулап, башынан жараат алган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери аны Слюдянка шаарына ооруканага алып келишкен, бирок өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG