Адам укуктарына арналган даректүү тасмалардын эл аралык “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалынын ХI айлампасы быйыл 16-октябрда башталып, беш күнгө созулат. Режиссерлордон фильмдер жана арыздар 1-июндан тарта кабыл алынат.
Уюштуруучулар "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, жыл сайын дүйнөнүн ондон ашуун мамлекетинен тасмалар сунушталган фестиваль быйыл "Адам укугу жана эркиндиги туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында" деген ураан менен өтөт.
Ал эми бүгүн ушуга окшош One World даректүү тасмалар фестивалы Чехияда башталды. 15-мартка чейин улана турган иш-чарага "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын жетекчилиги жана кызматкерлери да катышып, тажрыйба алмашышат. (SE)