Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:53

Түркмөнстанга Каримовдун эстелиги тургузулат

Ислам Каримов
Ислам Каримов

Түркмөнстандын Чаржоу шаарына Өзбекстандын туңгуч президенти, маркум Ислам Каримовдун эстелиги тургузулду. "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы билдиргендей, аны Өзбекстандын азыркы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев барып ачат.

Расмий Ташкент тараткан кабарга ылайык, Мирзиеёв Түркмөнстанга 6-7-март күндөрү мамлекеттик сапар менен барат. Эки өлкө башчылары стратегиялык кызматташтык жаатындагы макулдашууга, чөлкөмгө байланыштуу биргелешкен баяндамага кол коюшат.

XS
SM
MD
LG