Кыргызстандан быйыл ажыга барчу жарандарга медициналык эмдөө дарысын сатып алууга бир эле фармацевтикалык уюмдан арыз түштү. Муфтийдин орунбасары Акимжан Эргешов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бүгүн жыйынга чогулуп, арызды кабыл алуу маселесин талкуулайт:
-Жекшемби күнгө карата маалыматыма ылайык, бир эле "Фарватер" уюмунан арыз келди. Биз сынак үчүн бир катар талаптарды койгонбуз. Аны аткарууга башка компанияларда шарт болбоду окшойт.
Эреже боюнча, ажыга жөнөп жаткан кишилер милдеттүү түрдө медициналык эмдөөдөн өтүшү керек.
Быйыл Кыргызстандан зыяратка 4585 адам барат. Аларды Сауд Арабиянын "Флай Нас" авиакомпаниясы ташыйт. Каалоочуларды каттоо 6-мартта аягына чыгары кабарланган. (SE)