Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

"Чоролор" эки аткаминердин отставкасын талап кылууда


Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев.

6-март күнү "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрү Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди жоопко тартууну талап кылып, Ак үйдүн алдына чыгышты. Алардын колунда "Улуттун генофонду коркунучта!", "СДПК уурулардын уюгубу?", "Уурунун орду түрмө!" деген жазуулары бар плакаттары бар. "Кыргыз чоролору" уюму митинг мөөнөтсүз, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев менен Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамовду кызматтан алмайынча улана берерин маалымдоодо.

Өткөн аптанын соңунда Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясы Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин ишин канааттандырарлык эмес деп баалаган.

"Кыргыз чоролору" уюму буга чейин эки ирет министр Батыралиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылып, митингге чыгышкан. Алар медициналык академиянын клиникалык базалары “Ата Түрк –Ала-Тоо” университетине берилип жатканына жана министрдин кадрдык саясатына нааразылыгын айтышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG