Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:56

Бекназаров Текебаев боюнча президентке кайрылды


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Убактылуу өкмөттүн башчысынын мурдагы орунбасары Азимбек Бекназаров президент Атамбаевден Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүн өтүндү. Азимбек Бекназаров мындай билдирүүсүн президент Алмазбек Атамбаевге жолдогон кайрылуусунда билдирген.

Ал чейрек кылымдык мезгилде президенттин өзү жана Өмүрбек Текебаев менен саясатта үзөңгүлөш жүргөн адам катары "Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөн Чотоновду баш коргоо чарасын өзгөртүүсүн мойнуна камчы салып суранарын" билдирген.

Ошондой эле Азимбек Бекназаров учурдагы кырдаал "президент Атамбаев менен депутат Текебаевдин эрегишинин натыйжасы" деген пикирин билдирип, мындан президент да, Текебаев да утпасын, тескерисинче кыргызда айтылгандай , "Эрегиштен эр өлөт" болушу ыктымалдыгын айткан.

Бул кырдаалдан үчүнчү күчтөр пайдаланып кетүүсүнө тынчсызданган Бекназаров президент Атамбаевди мамлекет башчы катары айкөлдүк кылып, "Атамекенчилер" Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду камактан чыгаруусун сурап, "2010-жылдын апрелинен 2016-жылдын август айына чейин тандемдеш, үзөңгүлөш болуп мамлекетти башкарып келген экөө тең бул аралыкта өлкөдө болгон бардык кемчиликтер үчүн бирдей жоопкер" экенин билдирген.

2010-жылы 7-апрелде мурунку президент Курманбек Бакиев бийликтен куулгандан кийин, өлкөдө Убактылуу өкмөт башкарууну колуна алган. Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров жана Дүйшөнкул Чотонов убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болушкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG