Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:11

6-март күнү президент Алмазбек Атамбаев мүмкүнчүлүгү чектелген үч адамдын катарында "Азаттыктын" каарманы Рахатбек Үсөнкожоевдин төшүнө “Даңк” медалын такты.

Турсунбек Абдылдаев, Адина Самыйбек кызы жана Рахатбек Үсөнкожоев кайраттуулугу, эрктүүлүгү, оор турмуштук кырдаалда адамдын татыктуу жашоого жана үзүрлүү эмгекке умтулганы үчүн сыйланышканын мамлекет башчы сыйлык тапшыруу учурундагы сөзүндө белгиледи:

-Тоону томкоро турган көптөгөн эркектерибиз сиздерден үлгү алышса. Иш жок, мага иш, кызмат таап бергиле деп көрүнгөн шылтоо айтып, канча эргул жүрөт? Жалкоолордон уялыш керек. Ата-бабалар илгери эле “Жардылык – жалкоолуктан” деп таамай айтышкан. Иштейм деген адам – ар дайым иш табат. Жалкоо – ар дайым шылтоо табат.

Нарындагы Большевик айылынын тургуну Рахатбек Үсөнкожоев тууралуу буга чейин “Азаттык” жазып, ал тууралуу видеобаян менен окурмандарды тааныштырган. Алты жыл мурда кырсыкка кабылып, буту баспай калган Рахатбек Үсөнкожоев майыптыгына карабай, кайыштан баштык, камчы, куржундардын түрүн жасап, интернет аркылуу сатып келе жатат.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана каргашалуу окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого, уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн, ошондой эле Тарых жана маданият жылынын жыйынтыктары боюнча кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн бир катар жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Турсунбек Абдылдаев, Адина Самыйбек кызы жана Рахатбек Үсөнкожоевди "Даңк" медалы менен сыйлоо тууралуу президенттин жарлыгы 28-декабрда чыккан эле. (MiK/ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG