Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:21

Пакистан армиясы: жоочулардын чабуулунан беш аскер өлдү

Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Пакистан куралдуу күчтөрүнүн соңку маалыматына караганда, аскердик бекеттерге чабуул Ооганстан менен чектеш уруулар жашаган аймакта күчөдү. 6-марттагы маалыматта жоочулар Ооганстандан өтүп келип, үч аскерий бекетке кол салганы айтылат. Атышууда он жоочу жок кылынган.

Пакистан армиясы чабуул кайсы топ тарабынан жасалганын билдире элек, бирок талиптерден бөлүнгөн Жамаат-уль-Ахрар чабуул жоопкерчилигин өзүнө алды. Акыркы мезгилде Пакистанда террордук аракеттер көбөйүп, жанкечтилердин бомба жардыруусунан 125 киши набыт болду. 16-февралда сопулардын мечитиндеги жардыруудан 90 адам курман болгон эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG