Линктер

ишемби, 20-январь, 2018 Бишкек убактысы 11:30

Түркияда орус элчиси Андрей Карловдун өлүмүнө байланыштуу иш боюнча 33 жаштагы аял кармалды. Hurriyet басылмасы билдиргендей, Екатерина аттуу шектүү зайып Орусия жараны. Ал элчини атып салган Мевлют Алтынташ менен өткөн жылдын соңунда WhatsApp аркылуу байланышканы аныкталган. Екатерина Анкарадагы орус маданият борборуна да телефон чалган.

Шектүү аял Түркияда сойкулук бизнесин уюштурганы да айтылууда.

Элчи Андрей Карловду былтыр 19-декабрда Анкарада сүрөт көргөзмө учурунда мурунку полиция кызматкери Мевлют Алтынташ атып салган.

XS
SM
MD
LG