Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Оппозиция өкүлдөрүнө бүгүн сот өкүмү чыгары айтылууда


Оппозициянын бир жылга жакын териштирилип келаткан соту бүгүн аягына чыгышы мүмкүн. Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбековго бүгүн, 7-мартта сот өкүмү угузулуш ыктымалдыгын адвокат Акин Токтоналиев "Азаттыкка" билдирди. Өткөн аптада Биринчи Май райондук сотунда жарыш сөз бүтүп, айыпталуучуларга акыркы сөз берилген.

Мамлекеттик айыптоо Кадыров менен Асановду 15, Карыбековду 22, Сарыгуловду 12 жыл күчөтүлгөн тартипте абакка кесүүнү сураган. Жактоочулар сот отурумдары жабык өткөнүн мыйзамсыз деп, аларды актоону талап кылууда.

"Элдик парламент" деген оппозициялык кыймылдын аты аталган өкүлдөрү "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айыпталып, 2016-жылдын май айында камалган. Арасында Дастан Сарыгулов гана бир нече ай Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин абагында отуруп, ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG