Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:03

Сузакта 55 жаштагы киши аялы менен баласын бычактап, андан кийин өз жанын кыйган.

Райондун Ырыс айыл аймагынын тургуну 55 жаштагы киши 5-март түнү үй-бүлөлүк чырдан кийин 53 жаштагы аялын жана 21 жаштагы баласын бычактап, анан өзүнө кол салган. Облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, бычактан жараат алган үй-бүлөнүн дагы бир мүчөсү, 29 жаштагы кызы учурда ооруканада жатат.

Маалыматтарга караганда үй-бүлөнүн ээси ооган согушунун катышуучусу катары мээсинен жараат алып, дайыма Ош шаарындагы психикалык ооруканада дарыланып турган. Каргашалуу окуядан бир күн мурун үйдө ызы-чуу болуп, үй ээси мечитке кеткен бойдон келген эмес.

Сузак райондук ички иштер бөлүмү окуяга байланыштуу адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. ((RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG