Беларус премьер-министри Андрей Кобяков биримдик аймагында интеграциялык жараянга өбөлгө түзүүчү товарды, кызмат көрсөтүү жана жумушчу күчүн эркин жүгүртүүгө шарт түзүүчү механизмдер иштебей жатканын белгиледи.
Ал Бишкекте өтүп жаткан ЕАЭБ өкмөттөр аралык саммитте буга Орусиянын Беларустун мунай экспорттосуна чектөө аракетин мисал келтирди. Кобяков мунайды үчүнчү өлкөгө экспорттоого тыюу салган санкциялык саясат экономикалык биримдиктин калган мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын басмырлайт деп эсептейт.
Бир гана мамлекеттин тар кызыкчылыгын көздөгөн мындай чектөөлөр жана тоскоолдуктар экономикалык биримдик алкагында өнүгүүгө өбөлгө түзбөсүн белгилеген беларус премьер-министри мындай чектөөлөрдү жана тоскоолдуктарды такташып алууну сунуштады.
Бүгүн Бишкекте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөр аралык жыйыны өтүп жатат. (KJ/ZKo)