Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:21

Валовая: Кыргызстан ЕАЭБге тез көндү


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Кыргызстан ЕАЭБ шарттарына тез эле көнүп кеткенин Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлү Татьяна Валовая Бишкекте өтүп жаткан саммитте билдирди.

Анын сөзү боюнча, Кыргызстан Евразиялык биримдикке киргенден бери ички дүң өнүмү тез өсүп, экономикалык көрсөткүчтөрү мурунку жылдарга салыштырмалуу бир топ жакшырган.

"2016-жылдын көрсөткүчү боюнча ички дүң өнүм 3,8 пайыз, бул Кыргызстан үчүн эң жакшы экономикалык өсүш" деп белгилеген Валовая 2017-жылы да Кыргызстанда өнөр жай жана соода жүгүртүү өсөт деп күтүлүп жатканын кошумчалады.

Бишкекте бүгүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөр аралык жыйыны өтүп жатат.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августана тарта мүчө. Көз карандысыз экономисттер биримдикке мүчө болгондон кийин өлкөнүн экономикасы тескерисинче артка кеткенин, тигүү өнөр жайы солгундап, "Дордой", "Карасуу" базарларындагы дүң соода жайлаганын белгилеп келишет.(KJ/ZKo)

XS
SM
MD
LG