Коррупцияга каршы күрөшкөн атайын прокуратура Салык жана бажы кызматынын башчысы Роман Насиров кызмат абалынан кыянат пайдаланып мамлекетти ири өлчөмдө каржылык зыянга учуратканын билдирүүдө. Насиров чет өлкөгө качып кетиши мүмкүн деп чочулаган прокуратура аны камакта кармоону соттон өтүнгөн.
7-мартта Киев соту Насировду эки ай тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды. 3-мартта ал кызматынан четтетилген эле.
Насиров кээ бир салык төлөөчүлөргө жана компанияларга жеңилдик берип, мамлекетке 2 млрд гривен же 74 млн доллар зыян алып келди деп эсептелүүдө. Эгерде ал күрөөгө 3,7 миллион доллар акча койсо, үй камагына чыгарылмакчы. (AiT)