Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:56

Медведев: ЕАЭБде эч кимди күч менен кармаган жокпуз


Бишкекте өткөн саммитте Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев "уюм ыктыярдуу түзүлгөн, ошондуктан эч кимди мажбурлап кармап турган жокпуз" деди. Медведев эки тараптуу мамилелерди териштирген учурлар болуп келгенин жана боло берерин белгилеп, бирок интеграциялык жараян улуттук кызыкчылыктардан жогору турушу керектигин айтты.

“Силер таасир этпесеңер, биз эч нерсеге кол койбойбуз” деп шарт коюу шантажга барабар. Биз баарыбызга бирдей тиешелүү маселелерди карап жаткан соң баарыбыз тең аны ишке ашырууга аракет кылышыбыз керек” деди Медведев.

Дмитрий Медведев акыркы эки жылда Орусиянын базарлары биримдикке мүчө өлкөлөр үчүн кеңири ачылганын белгилеп, айрым өлкөлөр эгер биримдикке мүчө болбосо, газды Европа баасынан да кымбат сатып алышмактыгын белгиледи. (KJ/ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (19)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG