Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Кыргызстан Орусияга 37 млн долларды кайтарып берет


Жогорку Нарын каскадындагы жумушчулар шаарчасы.
Жогорку Нарын каскадындагы жумушчулар шаарчасы.

Жогорку Нарын каскады боюнча долбоорго Орусия жумшаган 37 млн доллар аудит жүргүзүлгөндөн төлөнүп берилет. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Айбек Калиев журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, акчаны инвестор төлөп бериши да ыктымал.

- Жогорку Нарын каскады боюнча эч кандай коркунучтуу нерсе жок, эки тарапта тең түшүнүшүү бар,- деди Калиев. Анын ырасташынча, долбоорго акча салган тарап каскадды башкарат, ал өзүнүн акчасын чыгарып алган соң, ротация иретинде үч жылдык мөөнөт менен башкаруу Кыргызстанга өтөт.

Жогорку Нарын каскады Орусия менен кол коюлган келишимдеги энергетикалык долбоорлордун бир бөлүгү болчу. Өткөн айда Орусия Жогорку Нарын каскадын курууга багытталган 37 миллион долларды кайтарып берүүнү талап кылган. Кыргыз тарап орусиялык “РусГидро” компаниясынын бул чыгымын ашыкча көрсөтүлгөнүн ырастап, Орусияга эл аралык аудит өткөрүүнү сунуштаган. Бирок Орусия андай сунуштан баш тарткан.

Айрым эксперттер долбоордун курулушуна мынчалык акча сарпталышы мүмкүн эместигин айтып чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG