Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:35

Венгрия башпаанек издегендерди кармай баштайт


Сербия менен Венгриянын чек арасында уктап жаткан мигрант
Сербия менен Венгриянын чек арасында уктап жаткан мигрант

Венгрия парламенти чек арада башпаанек сурап тургандардын баарын кармоого жол берген долбоорду жактырды. Адам укугун коргоо уюмдары аны сынга алды.

Премьер-министр Виктор Орбан 7-мартта бул Европада болгон теракттарга жооп деп билдирди. Венгрия Брюссел, БУУнун качкындар боюнча агенттиги жана адам укуктары боюнча Европа сотунун талабы менен 2013-жылы бул практиканы токтоткон эле. Эми ал тартип кайрадан калыбына келтирилет. Арыздары каралып жаткан учурда лагерде кармалып тургандарга Венгрия аймагында жүрүүгө же өлкөдөн чыгып кетүүгө жол берилбейт. Болгону Сербияга кайра кетүүсүнө гана уруксат берилет. (AiT)

XS
SM
MD
LG