Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Орусия: Гаага сотунун Украина арызын кароого юрисдикциясы жок


Москва Улуттар Уюмунун Гаагадагы соту Орусиянын жикчилдерди колдоосун токтотуу жана Крым боюнча Украинанын арызын кароого юрисдициясы жок деп эсептейт. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин юридикалык департаментинин башчысы Роман Колодкин ал иштер Гаага сотунун компетенциясынан сыртта турат деп билдирди.

6-мартта Гаага сотунда Украина өкүлдөрү “Орусия Украина жарандарынын өз өлкөсүндө коопсуз болушуна жол бербей жатат” деп айыптаган эле. Москва 2014-жылы Крымды көзөмөлүнө алган. Мына ошол мезгилден бери чыгыш Украинадагы жикчилдерди колдоодо деп айыпталып келатат. Андан бери 9750 киши өмүрү менен кош айтышты. Орусия чыгыш Украинага аскер жана курал-жарак жөнөттү деген айыптоолорду четке каккан. (AiT)

XS
SM
MD
LG