Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын өнүгүү тарыхында аялдардын ролу эбегейсиз экенин белгиледи. Мамлекет башчынын 8-март - Эл аралык аялдар күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда жашоо турмуштун нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда аялдардын эмгеги баа жеткис экени айтылат.
"Кыргызстандын соӊку тарыхында оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраты менен жеӊип чыкты. Азыр кайсы тармакта болбосун лидер айымдар четинен табылат. Кыз-келиндерибиз жеӊил өнөр жайын жандантып, “Кыргызстанда жасалган” деген кийим-кечелер өлкөбүздүн брендине айланууда" деп айтылат мамлекет башчынын басма сөз кызматы 7-мартта тараткан куттуктоодо.
Алмазбек Атамбаев аялдардын тарыхтагы эрдиктерин да алкап, түрдүү тармактарда ийгилик жаратып жаткандарга ыраазычылык билдирди жана амандык каалады. (SE)