Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Аялдардын эл аралык күнү белгиленүүдө


Элечек кийген кыргыз аялдар.
Элечек кийген кыргыз аялдар.

Бүгүн, 8-мартта - Кыргызстанда жана дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде Аялдардын эл аралык күнү белгиленүүдө. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында "Биздин аялдардын сулуулугу жана күчү" деген аталышта көргөзмө өтүп жатат. Ага түрдүү кесиптеги айымдардын сүрөттөрү коюлган.

1857-жылы 8-мартта Нью-Йорк шаарында тикмечи айымдар теңчилик үчүн митингге чыгышкан.1975-жылы Бириккен улуттар уюму бул датаны Аялдардын эл аралык күнү катары тааныган.

Майрамга байланыштуу президент жана башка бийлик өкүлдөрү айымдарга куттуктоо жолдоп, алардын коомдогу орду баа жеткис экенин белгилешти.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосунда аялдар Кыргызстандын өнүгүү жолунда зор эмгек жасап жатканын белгиленип, жаркын келечек курууда алардын ролу жогору экени айтылат. (SE)

XS
SM
MD
LG