Ушул тапта бир катар аялдардын укугун коргоочу уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана феминисттер борбор калаадагы "Россия" кинотеатрынан тартып, Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жүрүш жасашууда. Кинотеатрдан башталган жүрүш Ак үйгө, Курманжан Датканын эстелигине чейин барып, аягында Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында жыйынтыкталат.
Активисттер Кыргызстандагы аялдардын укугу тиешелүү деңгээлде корголбой жатканын белгилешип, аялдарга карата зомбулукту токтотуу, дискриминацияга жол бербөө сыяктуу талаптарды айтышты.
8 - Март аялдардын эл аралык майрамы Кыргызстанда Советтер союзунун тушунан бери белгиленип келет. (ZKo)