Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Кабулда аскерий госпиталга кол салуу болду


Ооганстан президенти Ашраф Гани чабуулду айыптады.
Ооганстан президенти Ашраф Гани чабуулду айыптады.

АКШнын Ооганстандагы элчилигине жакын жайгашкан госпиталга 8-мартта болгон кол салуудан эки киши өлдү. Коргоо министрлигинин маалымат катчысы генерал Давлат Вазиринин маалыматы боюнча, Сардар Мухаммад Дауд Хан госпиталына белгисиз адам кирип, ок чыгарган жана жардыруу жасаган. Аны жок кылуу аракети жүрүп жатат. 400 орундуу аскерий госпиталга жакын жерде жарандык эки оорукана да жайгашкан. Саламаттыкты сактоо министрлиги кол салууда жарадар болгон жыйырма беш киши жакынкы ооруканага жеткирилгенин маалымдады. Ооганстан президенти Ашраф Гани чабуулду айыптады. Ага эч кайсы топ жоопкерчилик ала элек. Бирок жаздагы чабуулдардын алкагында талиптер кол салууларын көбөйтө баштады. (AiT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG