Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

Өзбекстан Тажикстанга виза режимин жеңилдетүүнү караштырууда


Душанбе аэропорту.
Душанбе аэропорту.

Өзбекстандын Тажикстандагы элчиси Шокасым Шоисламов “Азаттыктын” тажик кызматына 7-мартта берген маегинде чектеш аймактарда жашаган эки өлкө жарандары үчүн виза режимин алып салуу боюнча келишим даярдалып жатканын билдирген. Тажикстандын калган жарандары Өзбекстан элчилигинде бир жуманын ичинде виза аларын элчи ырастады.

Виза режимин толук алып салууга регионалдык жана жалпы дүйнөлүк коопсуздук кырдаалы азырынча жол бербейт деп эсептейт элчи.

Ташкен-Душанбе аба каттамын калыбына келтирүү эки өлкөнүн биринчи жетекчилери тарабынан кабыл алынган чечим деген өзбек элчиси, 4-апрелде “Өзбекстан аба жолдору” компаниясынын биринчи учагы Душанбеге учарын, ал эми Тажикстандын “Сомон эйр” компаниясы документтерин ырастап бүтүп, ушул айда Ташкенге уча баштары күтүлүп жатканын белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG