Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Клинтон: аялдардын теңдигине жетиш үчүн дагы көп иш жасоо зарыл


Хиллари Клинтон.
Хиллари Клинтон.

8-март майрамынын алдында АКШнын президенттигине талапкер болгон мурунку мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон аялдардын теңдигин камсыз кылуу үчүн дагы көптөгөн иштер жасалыш керектигин билдирди. Мындай пикирин Хиллари Клинтон 7-мартта Нью-Йоркто “Чемпион кыздар 2017” сыйлыгын тапшыруу аземинде билдирди.

- 21-кылымда аялдардын теңдигин камсыз кылуу аяктабаган иш болуп калды. Саясат жана бийликти бул жакка кое туруп, жеке менчик, академиялык чөйрө, илим жана техника тармактарын алганда да ал тараптарда аялдар өтө аз. Ошондуктан биз кыздар менен келиндердин ар бир тармактарда бийиктиктерге жетиши үчүн баарын жасашыбыз керек, - деди Хиллари Клинтон.

Кыргызстандын жетекчилери республиканын кыз-келиндерин, энелерди 8-март майрамы менен куттуктады. (AiT)

XS
SM
MD
LG