Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

9-марттын аба ырайы


9-мартта Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде бир аз жаан жаайт. 

Күндүн табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7 градус суук, күндүз 4…9 градус жылуу болот.

Таласта түнкүсүн -3…-8 градуска төмөндөйт. Күндүз 4…9 градус жылуу. 

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 7…12 градус жылуу. 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7 градус жылыйт.

Нарында түнкүсүн -18…-23 градуска чейин төмөндөйт, күндүз 0…-5 градус болот.

Суусамыр өрөөнүндө  түнкүсүн -25…-30, күндүзү -4…-9 градус суук. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33, күндүзү -6…-11 градус суук. 

9-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -3…-5° суук, күндүз 6…8° жылуу болот.

 

XS
SM
MD
LG