Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 23:19

Германия тышкы иштер министри Зигмар Габриэль 8-мартта Берлинде Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушууда азыркы Германияны нацизмге салыштыруу “андан ары өтүүгө болбогон кызыл сызык” деп атады. Эки тараптын пикир келишпестиктерине карабастан “эки ортодо диалогго альтернатива жок, мына ушул жол аркылуу гана акырындап нормалдуу жана достук мамилени калыбына келтирүүгө болот” деп айткан Габриэль.

Референдумга байланыштуу түрк өкмөт мүчөлөрүнүн Германиядагы түрктөр менен жолугушуусуна немис бийлигинин уруксат бербегени Анкаранын кескин нааразылыгын пайда кылган. Президент Режеп Тайип Эрдоган Германиянын мындай саясатын нацизмге теңеген. Германия өз кезегинде немис-түрк журналистти Деңиз Юкселдин кармалышына нааразылыгын билдирген.

Германияда жашаган түрктөрдүн ичинен 1,4 миллион адам 16-апрелге белгиленген Түркиянын Конституциясын өзгөртүү боюнча референдумга катышууга укуктуу. (AiT)

XS
SM
MD
LG