Бишкек шаардык соту бүгүн "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын карайт. Отурум түштөн кийин саат төрттө болорун аталган партиядан "Азаттык" радиосуна билдиришти.
Өмүрбек Текебаевди эки айга камоо чечимин Биринчи Май райондук соту 28-февралда чыгарган. Анын адвокаттары партия жетекчисин үй камагына бошотуу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.
Бүгүн түшкү саат бирде Текебаевдин тарапкерлери Бишкекте митинг өткөрүүгө камынып жатканын партия катчылыгынан маалымдашты.
Текебаев 2010-жылы орусиялык Леонид Маевскийден миллион доллар пара алган деп айыпталып, 26-февралда кармалган жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган. Өзү муну саясий куугунтук деп сыпаттоодо. Ал кармалгандан бери Бишкекте жана Базар-Коргондо колдоочуларынын нааразылык акциялары өтүп жатат.
Партия лидеринин ишине тиешеси бар деп убагында өзгөчө кырдаалдар министри болгон, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов эки айга камалган. Анын баш коргоо чарасы бүгүн каралат. (SE)